Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалы бүгүн түптөлөт

Пайдубалды түптөө аземине президент Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин видеоконференция аркылуу катышат.

1598535
Аккуюу  атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалы бүгүн түптөлөт

 Түркиянын алгачкы атомдук энергетика станциясы боло турган Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалы бүгүн түптөлөт.

Түркиянын чоң инвестицияларынын арасында орун алган Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү агрегатынын пайдубалын түптөө аземине президент Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин видеоконференция аркылуу катышат.

Түркия жана Россиянын ортосунда 2010 -  жылы май айында кол коюлган келишимдин негизинде Мерсин облусунун Гүлнар районуна караштуу Бүйүкежели аймагында курулушу улантылып жаткан станциянын биринчи агрегатынын пайдубалы 2018 -  жылы 3 -  апрелде түптөлгөн.

Өткөн жылы апрель айында экинчи блоктун пайдубалынын түптөлүшү менен иштер ылдамдаган аянтта үчүнчү агрегатты  куруу лицензиясы ноябрь айында алынган.

Ар бири 1200 мегаваттык  4 реактордон тура турган жана жалпы 4  800 мегаваттык күчкө ээ  станциянын биринчи агрегаты  Түркия Республикасынын 100 жылдык мааракеси белгилене турган 2023-жылы ишке кириши күтүлүүдө.

Калган 3 блоктун да бир жылдык аралык менен 2026 -  жылдын акырына чейин ишке кириши пландалууда.



Тектеш кабарлар