Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү блогунун пайдубалы эртең түптөлөт

Пайдубалын түптөө аземине прзидент Р. Т. Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин видеоконференция  аркылуу катышат.

1597931
Аккуюу атомдук күч станциясынын үчүнчү блогунун пайдубалы эртең түптөлөт

 Түркиянын алгачкы атомдук станциясы  боло турган Аккуюу атомдук күч станциясы  NGSнин үчүнчү күч блогунун пайдубалы эртең түптөлөт.

Түркиянын эң ири инвестицияларынын арасындагы Аккуюу атомдук күч станциясында үчүнчү  блоктун пайдубалын түптөө аземине прзидент Р. Т. Эрдоган менен Россиянын президенти В. Путин видеоконференция  аркылуу катышат.

Түркия менен Россиянын ортосунда 2010 -  жылы май айында кол коюлган келишим боюнча  Мерсиндин Гүлнар районуна караштуу Бүйүкежели аймагында курулушу улантылып жаткан станциянын биринчи блогунун пайдубалы 2018 -  жылы 3 -  апрелде түптөлдү.

Өткөн жылы апрель айында экинчи блоктун пайдубалынын түптөлүшү менен иштер ылдамдаган аянтта үчүнчү блокту куруу лицензиясы ноябрь айында алынды жана пайдубалды түптөө аземи үчүн артка карай саноо башталды.

Ар бири 1200 мегаваттык 4 реактордон тура турган жана жалпы 4 800 мегаваттык орнотулган күчкө ээ боло турган станциянын биринчи блогунун Түркия Республикасынын 100 – жылы белгилене турган 2023 -  жылы ишке кириши максат кылынууда. Калган 3 блоктун да бир жылдык аралык менен 2026 -  жылдын акырында ишке кириши пландалууда.



Тектеш кабарлар