Түркия - Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 2021 экономикалык жана финансылык кызматташуу протоколу

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын премьер  - министри Эржан Санер кызматташуу протоколу үчүн эртең Анкарага келет.

1593627
Түркия  - Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 2021 экономикалык жана финансылык кызматташуу протоколу

Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын премьер  - министри Эржан Санер акыркы этапка келген жана эртең кол коюлушу пландалган 2021 -  жыл Түркия  -  Түндүк Кипр Түрк Республикасы  экономикалык жана финансылык кызматташтык протоколунун Кипр түрк калкы үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Премьер  - министрликтин басма сөз жана коомчулук менен байланыш директорлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Санер бул кызматташуу протоколу үчүн эртең борбор шаар Анкарага келет.

Сапары тууралуу маалымат берген Санер : «Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын жакын мамилеси жана вице  - президент Фуат Октайдын кошкон салымы менен 2021 -  жылын камтый турган Түркия Республикасы  -  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономикалык жана финансылык кызматташуу келишимине кол коюу, элибизге жакшы күндөрдүн кабарчысы болот»,- деди.

Маалыматта протоколдун Ковид  - 19  эпидемиясына да көңүл буруу менен  Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бюджетине жана реалдуу секторуна кошо турган салымы менен ишке ашырыла турган «Анкара булактуу» базистик долбоорлорун камтый тургандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар