Мыйзам тышы жолдор менен өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө кармалган кишилердин бешөөсүнүн  ПКК террордук уюмдун мүчөсү экендиги аныкталды.

1592770
Мыйзам тышы жолдор менен өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Мыйзам тышы жолдор менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган ПКК террордук уюмдун 5 мүчөсү менен 9 киши кармалды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Шанлыурфанын Жейланпынары району менен Мардиндин Кызылтепе чек ара жолдоруна мыйзам тышы жолдор менен Сириядан өлкөгө кирүүгө аракет кылган 9 киши кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө кармалган кишилердин бешөөсүнүн  ПКК террордук уюмдун мүчөсү экендиги аныкталды.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  - Арстан" операциясында ПКК жикчил террордук уюм колдонгон баш калкалоочу жерлерде көп сандаган ок - дары менен турмуштук материалдар колго түшүрүлдү. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : ""Чеңгел  -  Арстан" операциясы менен Ирактын түндүгүндөгү террордун үңкүрлөрүнө кирүүнү улантуудабыз. ПКК террордук уюмуна таандык 80 АК  - 47  жөө аскер мылтыгынын октору, 1 колдо жасалган жарылуучу зат менен көптөгөн ок  - дары жана турмуштук материалдарды колго түшүрдүк",- деп билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар