Түркияга мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган 6 киши кармалды
Кармалгандардын арасындагы орус аялдын террордук уюм ДАЕШтын мүчөсү болгондугу үчүн изделип жаткандыгы аныкталды.
1585234
Сириядан Түркияга мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган чет элдик 6 киши кармалды.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Хатайдын Нарлыжа аймагында кызмат кылган чек ара күзөтчүлөрүбүз, Сириядан өлкөбүзгө мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган 5и Россия, 1и Ливия тектүү 6 адамды кармашты»,-деп кабарланды.
Билдирүүдө: «Кармалгандардын арасындагы орус аялдын террордук уюм ДАЕШтын мүчөсү болгондугу үчүн изделип жаткандыгы аныкталды»,-делди.