Түркиянын Covid-19 көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 97 киши көз жумду.

1582661
Түркиянын Covid-19 көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 97 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 27 миң 284 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 129 миң 630 тест жасалып, 667 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 763 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 108 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 461 миң 204кө жогорулады.



Тектеш кабарлар