Түркияда вакцина алгандардын саны 3 миллиондон жогорулады
14 - январда жалпы өлкөдө баштатылган эмдөө иштеринин негизинде биринчи дозаларын алган медицина кызматкерлер 28 күндөн кийин экинчи доза вакцинаны ала баштады.
Түркияда Ковид - 19 вакцинасынын биринчи дозасын алган киши саны 3 миллиондон ашты.
«Ковид - 19 вакцинасы Улуттук ишке ашыруу стратегиясынын» негизинде 14 - январда медицина кызматкерлеринен башталган эмдөө иштери улантылууда. Ушунун негизинде CoronaVac вакцинасынын биринчи дозасы жалпы Түркияда 3 миллион 40 828 кишиге берилди.
14 - январда жалпы өлкөдө баштатылган эмдөө иштеринин негизинде биринчи дозаларын алган медицина кызматкерлер 28 күндөн кийин экинчи доза вакцинаны ала баштады. Экинчи доза вакциналарын алган киши саны да 318 361 болду.
Өзгөчө кечээтен тарта 70 жана андан жогору болгон жарандар да ситемага киргизилди.
Вакцина ала турган жана күнү белгиленген 70 жаштан жогору болгон жарандар белгиленген ооруканалардан вакциналарын ала баштады. Бул жаш группасы да 28 күндөн кийин экинчи доза вакцинадарын алат.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бүгүндөн тарта 65 жан жана андан жогору болгон жарандар менен 60 жаш жана андан жогору болгон жубайлары системага киргизилди.