Министр Варанк: «Түркиянын космос агенттиги маанилүү программаны даярдады»

Мустафа Варанк Анадолу агенттигине (AA) күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

1580867
Министр Варанк: «Түркиянын космос агенттиги маанилүү программаны даярдады»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын космос агенттигинин, өлкөнү учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнүн үстүнө чыгара турган, космостук экономика жаатында маанилүү абалга алып келе турган программаны даярдаганын айтты.

Мустафа Варанк Анадолу агенттигине (AA) Түркиянын күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

Варанк: «Президентибиздин көрсөтмөсү менен аял астронавттын космоско баруусун. Эң ылайыктуу жараныбыздын ал жакта өз миссиясын аткарышын камсыздайбыз», деди.

"(Улуттук космос программасы) Бул нерселер адам ресурстары жана акча менен гана болбойт» деген Варанк: «Эң жогорку деңгээлдеги саясий ээлик кылуу иштерди жеңилдетүүдө. Түркияны кошумча нарктуу өндүрүш кылган өлкөгө айландырып, жарандарыбызды сыймыктандырабыз. Биз технологияларыбызды космос тарыхына ээ кылабыз жана космостук экономика жаатында да маанилүү күчкө айландырабыз»,-деп айтты.

Космос тармагында кызматташуу боюнча 3 өлкө менен келишимге кол коюлгандыгын белгилеген Варанк: «Пакистан жана Азербайжан менен келишимдерибиз даяр, алар кол коюу баскычына келди»,-деди.

Министр Варанк, коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан вакциналар жөнүндө: «Азыр бизде адамдарга сыноолорду баштоо үчүн 3 вакцина талапкерибиз бар. Булар жигерсиз, VLP жана аденовирустун негизиндеги вакциналар»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар