Миниcтр Мевлүт Чавушоглу Кувейт, Оман жана Катарга сапар менен барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 9 – 11-  февраль күндөрү Кувейт, Оман жана Катарга расмий сапар менен барат.

1579106
Миниcтр Мевлүт Чавушоглу Кувейт, Оман жана Катарга сапар менен барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 9 – 11-  февраль күндөрү Кувейт, Оман жана Катарга расмий сапар менен барат. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта министр Мевлүт Чавушоглунун  Кувейт, Оман жана Катарга жасай турган расмий сапарынын негизинде бул өлкөлөрдөгү кесиптештери менен  жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү билдирилди.

Маалыматта булар белгиленди : «Сапарынын негизинде өткөрүлө турган жолугушууларда эки тараптуу карым  - катнаштарыбыздын каралышы, аймактык жана эл аралык маселелерде пикир алышуулардын болушу күтүлүүдө.  Урматтуу министрибиз сапарынын негизинде өзгөчө бул өлкөлөрдөгү инвесторлорубуз менен да жолугушат».



Тектеш кабарлар