"Эрен - 7 Мержан - Мунзур" операциялары башталды

Операцияга 59 ыкчам топтон турган 1062 кызматкер катышууда.

1577910
"Эрен  -  7 Мержан  -  Мунзур" операциялары башталды

 Тунжелиде 1062  кызматкердин катышуусу менен «Эрен  - 7 – Мержан  -  Мунзур» операциясы баштатылды.

Ички иштер минстрлигинен берилген маалыматка караганда террордук уюм ПКК/КЖКны өлкөнүн күн тартибинен толугу менен чыгаруу жана аймакта бар экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу максатында 11 -  январда башталган «Эрен» операциялары элдин колдоосу менен чечкиндүү улантылууда. Ушунун негизинде Тенжелиде «Эрен  - 7  Мержан  -  Мунзур» операциясы баштатылды. Операцияга Тунжели облустук жандармерия командирлигинде кызмат кылган жандармерия десанттыгы, жандармериянын атайын кыймылы менен полициянын атайын кыймыл жана коопсуздук коргоочулары менен 59 ыкчам топтон турган 1062 кызматкер катышууда.

АТАК тик учарларынын коштоосунда кар баскан тик жана токойлуу жерлерди атайын кышкы камуфляж менен издеген Мехметчик үңкүрлөргө жана баш калкалоочу жайларга кирип, террористтердин баш калкалоочу жерлерин жок кылууда.

Бир тараптан «Эрен» операцияларынын алкагында 3 террорист жок кылынып, 41 кызматташуучу кармалды, 168 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампа жок кылынды, көптөгөн курал-жарак, ок-дарылар, азык-түлүк менен турмуштук  материалдар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар