Диярбакырда дагы бир үй-бүлөнүн уулу табылды

Сүйүнчү алгандан кийин Диярбакыр облустук жандармерия командачылыгына келген эне Селма Хан 6 жылдан кийин табылган уулу Онурду кучактады.

1577503
Диярбакырда дагы бир үй-бүлөнүн уулу табылды

Диярбакырда жикчил террордук уюм ПКК тарабынан тоого уурдалып кеткен балдары үчүн Элдердин демократиялык партиясынын (HDP) облустук дирекциясынын имаратынын алдында отуруу акциясына катышкан дагы бир үй-бүлөнүн баласын  эңсөөсү аяктады.

Муштун Варто районунан 2019-жылдын 18-сентябрында Диярбакырга келип, HDPнын облустук имаратынын алдындагы отурушка катышкан Хань үй бүлөсүнүн уулу Онур Ички иштер министрлигинин координациясы менен Жандармерия Башкы командачылыгы жана Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруунун иштеринин натыйжасында кечээ коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Сүйүнчү алгандан кийин Диярбакыр облустук жандармерия командачылыгына келген эне Селма Хан 6 жылдан кийин табылган уулу Онурду кучактады.

Эне Хан, уулу менен жолугушуусуна салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирди.

Хан үй-бүлөсүнүн да уулу Онурга жолугуусу менен алар үчүн отуруп балдарын террордун туткунунан сактап калган үй-бүлөлөрдүн саны 23кө жетти.

 



Тектеш кабарлар