Президенттик кабинет бүгүн чогулат

Президенттик кабинет бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.

1574923
Президенттик кабинет бүгүн чогулат

Президенттик кабинет бүгүн президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүү негизги күн тартиби болгон жыйында, көздөр саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын баяндамасында болот.

Чаралардын көрсөткүчтөргө чагылдырылышына баа берле турган жыйында, чаралардын жумшартылышына же улантылышына чечим чыгарылат.

Эмдөө календары да үстөлдө боло турган темалардын бири. Кытай, Германия жана Россия менен жүргүзүлгөн эмдөө процессинен тышкары, эмдөө боюнча атамекендик изилдөөлөр талкууланат. Эмдөөнүн акыркы абалына баа берилет.

Жыйналышта мектептерде бетме-бет билим берүүнү баштап баштабай тургандыгы талкууланат.

Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири болгон реформа процесси дагы жыйындын күн тартибинде турат.

Тиешелүү министрлер сот жана экономикалык реформа иштериндеги акыркы кырдаал боюнча маалымат беришет.

Тышкы саясат темасында Европа Биримдиги (ЕБ) жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен башталган жаңы процесс талкууланат. Жакынкы күндөрдө боло турган Түркия-Европа Биримдигинин саммити жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясынын даярдыктары талкууланат.



Тектеш кабарлар