Каракчылардын кол салуусунан кутулган 3 түрк деңизчи Түркияга келди

Англиялык компанияга таандык «Моцарт» аттуу кемеге 23-январда Нигериянын жээктеринде деңиз каракчылары кол салышкан болчу.

1573923
Каракчылардын кол салуусунан кутулган 3 түрк деңизчи Түркияга келди

Нигериянын жээктеринде «Моцарт» кемесине болгон кол салуудан аман-эсен кутулган 3 түрк деңизчи Түркияга алынып келинди.

Гвинея булуңунда «Моцарт» кемесине болгон кол салуудан кутулган төртүнчү капитан Фуркан Ярен жана башкы инженери Илхан Сүха Татлыгүл менен кол салуу учурунда жаракат алып дарылануусу аяктаган мотор бөлмөсүндө мунайчы Бахадыр Йешилалан, Ливревиль-Стамбул каттамын жүргүзгөн Түрк аба жолдоруна (THY) таандык учак менен Стамбул аэропортуна келди.

Аэропортто журналисттерге маалымат берген төртүнчү капитан Фуркан Ярен, окуя учурунда бутунан жаракат алгандыгын айтып, ага тынымсыз телефон чалып ал-абалын сураган президент Режеп Тайип Эрдоганга, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана транспорт министри Адил Караисмаилоглуна ыраазычылыгын билдирди.

Ярен Түркияга жеткендиги жана түрк желегин көргөндүгү үчүн абдан кубангандыгын айтып: “Берки досторубуздун да тезирээк үй-бүлөлөрү менен жолугаарын үмүттөнөм” деди.

Англиялык компанияга таандык «Моцарт» аттуу кемеге 23-январда Нигериянын жээктериндеги Гвинея булуңунда деңиз каракчылары кол салышкан болчу.

Экипаждын 19 мүчөсүнүн 15ин уурдап кеткен каракчылар Азербайжан жараны болгон кызматкерди өлтүрүп салышкан. Кеме экипаждын 3 мүчөсү менен Габондун Порт-Жентил портуна келди.



Тектеш кабарлар