Нарлыгөл келген туристтерге кереметүү кооздуктарды тартуулоодо

Ак карга бөлөнгөн Нарлыгөл бул аймакка келген туристтердин жана ышкыбоз фотографтардын көңүлүн бурууда.

1569569
Нарлыгөл келген туристтерге кереметүү кооздуктарды тартуулоодо

Аксарай - Нигде чек арасында жайгашкан кратер көлү Нарлыгөл, кар жаагандан кийин апапак жабуусу менен келгендерге кереметтүү кооздуктарды тартуулоодо.

Деңиз деңгээлинен 1365 метр бийиктиктеги  Нарлыгөл айланасындагы аскаларда оюлган оюктар, пери морлору жана табигый кооздугу менен көргөндөрдү суктандырат.

Ак карга бөлөнгөн Нарлыгөл бул аймакка келген туристтердин жана ышкыбоз фотографтардын көңүлүн бурууда.

Ар бир мезгилде кооз  тоолор менен курчалган кратер көлү  Нарлыгөлгө акыркы жылдары жаратылышты сүйгөн  жергиликтүү жана чет элдик туристтер келишүүдө.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар