Министр Акардын Ирактагы жолугушууларына баа берүүсү

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар,Түркиянын Эрбилдеги Башкы консулдугунда жолугушууларга баа берүү боюнча суроолорго жооп берди.

1567473
Министр Акардын Ирактагы жолугушууларына баа берүүсү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер менен Иракка жасаган расмий иш сапарын аяктады.

Акар, Түркиянын Эрбилдеги Башкы консулдугунда жолугушууларга баа берүү боюнча суроолорго жооп берди.

Багдаддагы жана Эрбилдеги жолугушуулары оң жана конструктивдүү болгонун белгилеген Акар, «ПКК террордук уюмуна каршы күрөшүү жана айрыкча коопсуздук маселелери баш болгон Түркия менен Ирактын ортосундагы маселелер боюнча пикир алмаштык. Биз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына көз карашыбыздын жана мамилебиздин жакын экендигин көрүп кубандык. Көптөгөн маселелер боюнча бир пикирге келдик. Жакынкы күндөрү иштөө үчүн бул маселелер Иракта жакшы каралып чыкты. Түркиянын жана Ирактын коопсуздугу жагынан көрүлө турган чаралар үчүн дагы ишибизди улантам», - деди.

Сүйлөшүүлөрдө Иракты ар кандай күчтөрдүн атаандашуу аймагына айлантуу каалоосу темасынын күн тартибине келгендигин белгилеген Акар, «Ошондой эле биз муну каалабайбыз, бул туура эмес деп эсептейбиз. Албетте, бир топ кыйынчылыктар жана татаалдыктар бар, бирок аларды диалог, сүйлөшүү, макулдашуу жолу менен чечсе болот деп ишенебиз. Бул аймактын террористтерден кутулуп, тынчтыкка жана бейкутчулукка мүмкүн болушунча эртерээк жетишип, ишеним жана гүлдөп-өнүгүү өлкөсүнө айланышы толук мүмкүн. Биз буга чейин жолугушууларыбызда ушул темадагы изилдөөлөргө ар кандай салым кошобуз деп айтканбыз»,-деп айтты.

Түркиянын бардык коңшу өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн урматтаарын баса белгилеген Акар: «Биз үчүн Түркия менен Ирактын ортосундагы чек аранын коопсуздугу жана аймактагы мекендештерибиз менен тынчтык жана бакубаттыгы маанилүү. Бул жерде биз дагы бир жолу бул маселе боюнча чечкиндүүлүгүбүздү билдирдик. Терроризмге каршы күрөшүү темасында, айрыкча ПКК жана аларга жардам бергендер үчүн операция жүргүзө турганыбызды жана буларды аягына чыгаруу боюнча дымактуу, чечкиндүү жана эрктүү экендигибизди тийиштүү кызматтагыларга ылайыктуу түрдө түшүндүрдүк»,-деди.

Анын билдирүүлөрүн маектештери кунт коюп угуп, белгилешкенин баса белгилеген Акар: «Алардын дагы бизге окшош ойлорун көрдүк. Алдыдагы күндөрдө эмне кылынышы керектигин алар менен сүйлөшүп, жолуктук. Биз өз ишибизди улантабыз, өз ара делегациялардын сүйлөшүүлөрүн улантабыз. Булардын да кыска убакыттын ичинде талаа аянттарында абдан позитивдүү чагылыштары болот деп ишенем»,-деп айтты.

Синжардагы акыркы кырдаалга баа берүү суралган Акар, Синжарды террористтерден тазалоо үчүн борбордук өкмөт менен Ирактын аймактык башкаруусунун ортосунда түзүлгөн келишимди эске салды.

«Синжар маселесин биз жолугушууларыбызда күн тартибине алып чыктык, айрым маалыматтарды алдык. Азыркы кырдаалда террористтер Синжар аймагынан толугу менен кетпегени жөнүндө маалыматыбыз бар. Айрыкча Багдад бийлиги бул маселе боюнча иштерин улантып жатышканын билдирди. Алдыдагы мезгилде көрүлө турган айрым чаралар менен террористтердин ушул жерден чыгуулары камсыздалат деген маалыматты беришти. Биз иш-чараларды жакшылап байкап жатабыз. Алар бизден кандайдыр бир жол менен жардам жана колдоо сурашса, биз буга жардам берүүгө даяр экенибизди билдирдик»,-деди ал.

Иш сапарынын акыркы этабында түркмөндөр менен жолукканын эске салынып, ага баа берүүсүн суранганы боюнча Акар: «Алардын коопсузураак жана жайлуураак жашашы үчүн эмне кылуу керек болсо, биз аймактык башкаруу жана борбордук башкаруу тарабынан көрүлө турган чаралардын бардыгын жеткиребиз жана аткарабыз. Бул жердеги түркмөн боордошторубуз үчүн келечекте оң жылыштар болот деп ишенем»,деп айтты.



Тектеш кабарлар