Челик:«Европа Биримдигинин коопсуздугу Түркиядан башталат»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) басма сөз катчысы Өмер Челик,АК Партиянын Борбордук аткаруу кеңешинин жыйналышынан кийин жасаган билдирүүсүндө 2020-жылга баа берди.

1557265
Челик:«Европа Биримдигинин коопсуздугу Түркиядан башталат»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Европа Биримдиги (ЕБ) Түркиянын коопсуздугунан башталат деди.

Челик, АК Партиянын Борбордук аткаруу кеңешинин жыйналышынан кийин жасаган билдирүүсүндө 2020-жылга баа берди.

Түркия-ЕБ карым-катнаштарына токтолгон Челик:«Европа Биримдигинин коопсуздугу Түркиядан башталат. Муну билип коюш керек, эгерде ким Евробиримдиктин ичинде Түркияга каршы сөз сүйлөп жатса анда ал Европанын келечегин талкалоону каалап жатат»,-деп айтты.

Челик, Түркияда башаламандыкты пайда кылганда ар кандай ыкмаларды иштеп чыккандардын, өз өлкөсүндө  баш аламандык пайда боло баштаганда канчалык катаал чараларды көргөндөрүн, кош стандарттуулукту кылгандарын өткөн жылы көрүшкөнүн айтты.

Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыкканына да токтолгон катчы: «Биздин Улуу Британия менен тамырлаш мамилебиз бар. (Улуу Британия) ЕБнен чыккандыгына байланыштуу биздин соода мамилелерибиз эркин соода келишиминин алкагында уланат»,-деди.

«Түркия Сирияда болбогондо ал жердеги карапайым калктын канын, бири-бири менен тирешип турган державалар, террордук уюм менен бирге төкмөк»,-деп айткан Челик, Түркиянын Ливияга жардам беришинин да Жер Ортолук деңиздеги теңдемени өзгөрткөнүн айтты.

Челик, Түркиянын Карабах жаңжалынын чечилишин да камсыз кылгандыгын эске салып, бул көйгөйдүн толук адилеттүүлүктүн негизинде азербайжандык боордошторубуздун мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын алкагында чечилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар