Шырнактын Габар тоосунда 5 ПКК террористи жок кылынды
Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.
Шырнактын Габар тоосундагы үңкүрдө 5 ПКК террористи куралдары менен жок кылынды.
Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу билдирди.
Социалдык медиада билдирүү жасаган Сойлу, Шырнактын Габар тоосундагы 5 террористтин үңкүрдө жок кылынганын маалымдады.
Министр Сойлу өзүнүн билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү жазган:«2021-жылы биздин баатырлар Габар тоосунан биринчи кабарды беришти ... Алар (террористтердин) үңкүрүнө кирип барышты. Үңкүрдө 5 террорист биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан курал-жарактары жана ок-дарылар менен кошо зыянсыздандырылды ... Аллах биздин балдарыбызды сактасын ...».
Ошол эле учурда Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Сириянын "Тынчтык Жазы" аймагына кирүүгө аракет кылган 2 террорист жана "Евфрат калканы" аймагына кол салууга камданып жаткан 1 ПКК / ЙПГ террористи жок кылынды.