Президент: «Биз 2021-жылды ар бир тармакта жаңы секирик жылына айланткыбыз келет»

Президент Эрдоган Элазыгдагы "Көмүрхан" көпүрөсүнүн жана Байланыш туннелинин ачылыш аземине катышты.

1556121
Президент: «Биз 2021-жылды ар бир тармакта жаңы секирик жылына айланткыбыз келет»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2021-жылды ар бир тармакта жаңы секирик жылына айлантууну каалап жатышканын билдирди.

Президент Эрдоган Элазыгдагы "Көмүрхан" көпүрөсүнүн жана Байланыш туннелинин ачылыш аземине Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан видео конференция ыкмасы менен катышты.

"Көмүрхан" көпүрөсүнүн өз жаатында дүйнөнүн 4-ири долбоору экендигин баса белгилеген Эрдоган: «(Көмүрхан көпүрөсү) Дизайнынан баштап курулушуна чейин 100 пайыз ички жана улуттук ресурстар менен курулган бул көпүрө, өлкөбүздүн инженердик тармагындагы күчүнүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүн символдорунун бири болот» деп билдирди.

Бүтүндөй дүйнөгө таасирин тийгизген коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын шарттарына карабастан, 2020-жылы да кызмат саясатында эч кандай ымырасыз мамиле кылбагандарын баса белгилеген Эрдоган: «(Пандемияга каршы күрөшүү) Биз мамлекеттин каражатын улутубуздун ден-соолугун, эмгегин, вакцинасын жана келечегин коргоого жумшадык»,-деди.

Эрдоган, чет өлкөдөн сатылып алынган вакциналар менен эмдөө жүргүзүүнүн негизинде пандемияга каршы күрөшүүдө маанилүү чектен аша тургандарына ишенгенин айтты.

Эрдоган, атамекендик вакцина иштерине токтолуп: «Буюрса эң кеч апрель айында, иштеп чыгуу тездик менен жүрүп жаткан өз вакциналарыбыз да колдонууга даяр болот»,-деп билдирди.

Президент Эрдоган: «Биз 2021-жылы ар бир тармакта жаңы секирик жасагыбыз келет. Биз буга ар тараптуу даярданып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар