Бүгүн жылдын акыркы кабинет жыйыны өткөрүлөт

Жыйында жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдөгү акыркы абал, көрүлө турган жаңы чаралар, вакцина календары жана дарылоо процесси каралат.

1552952
Бүгүн жылдын акыркы кабинет жыйыны өткөрүлөт

Жылдын акыркы кабинет жыйыны Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн өткөрүлөт.

Жыйында жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдөгү акыркы абал, көрүлө турган жаңы чаралар, вакцина календары жана дарылоо процесси каралат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кенен доклад окуй турган жыйында Министрлер Кеңешинин сунуш чечимдери кабинет мүчөлөрү менен бөлүшүлөт.

Жыйындан кийин көрүлө турган чаралар тууралуу маалымат берилет.

Жыйында Кытай жана Германиядан келе турган вакциналар колдонула турган график жыйынтыкталат.

Коронавирус вакцинасына карата коомчулукка маалымат берүү иштери каралат.



Тектеш кабарлар