Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Бангаладештеги сапары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бангладеш менен 2 миллиард долларлык соода көлөмү максатына жакынкы келечекте жетүүгө ишенгендигин айтты.

1550578
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Бангаладештеги сапары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бангладеш менен 2 миллиард долларлык соода көлөмү максатына жакынкы келечекте жетүүгө ишенгендигин айтты.

Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Бангалештин борбор шаары Даккада Бангладештин  тышкы иштер министри Абул Калам Абдул Момен менен жолугушкандан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылы 1 миллиард долларга жакын болгонун эске салган Чавушоглу кесиптеши Момендин Түркияга жасаган сапарында эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2 миллиард долларга чыгаруу максатын күн тартибине алып келгендигин эске салды.

Чавушоглу Бангладештин Ковид  - 19 эпидемиясына каршы күрөшүнөн улам премьер  - министр Шейх Хасина жана өкмөтүн куттуктады. Бул процессте Түркиянын да Бангладеш калкы менен тилектештикти көрсөткөндүгүн жана Бангладеш муктаж боло турган болсо дагы көп жардам берерин да айтты. Бангладеш менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга да токтолгон Чавушоглу : «Айрыкча Бангладеште түрк ооруканасынын кандай куруларын да талкуулап жатабыз жана түрдүү моделдер боюнча иштеп жатабыз. Бул жерде келечекте ооруканаларды курабыз»,- деди. Министр Чавушоглу аракандык мусулмандар тууралуу да буларга токтолду : «Аракан калкына берген колдоосунан улам Бангладешке дагы бир жолу ыракмат айткым келет. Мунун абдан чоң жүк экендигин билебиз жана бул жүк эл аралык коомчулук тарабынан бөлүшүлүшү керек. Түркия катары бул коргоосуз инсандарды жана Бангладешти башынан бери колдоп келебиз жана келечекте да колдоону улантабыз. Бул инсандар үйлөрүнө кайтуулары керек жана бул бардык деңгээлде  аракет кыла турган тармактардын бири. Ишенимдүү, ыктыярдуу жана сыймыктуу кайтуу үчүн Мьянма менен иштөөнү да улантуу керек».

Министр Чавушоглу сөзүн төмөнкүчө улантты : «Өзгөчө Бангладеште качкындар үчүн ылайыктуу бир лагерь курууну сунуш кылдык. Бул да бир аз мурдараак карап чыккан темалардын бирөөсү. Эгерде бир участок бериле турган болсо бул коргоосуз инсандардын турмуштук шарттарын жакшыртуу үчүн мектептер, ооруканалар, мечиттер да болгон жана муктаждык болгон бардык нерсе болгон бир лагерь кура алабыз».

Бангладештин тышкы иштер министри Абул Калам Абдул Момен да жыйындан мурда өткөн жолугушууда эки өлкөнүн саясий жана соода карым  - катнаштары менен бирге инвестиция, социо  - экономикалык өнүгүү, Ковид  - 19 менен күрөшүү жана аракандык мусулмандар маселеси каралгандыгын белгиледи.

Момен өзгөчө рохиньгия кризиси процессинде Түркиянын жана түрк калкынын Бангладешке болгон колдоосунан улам ыракмат айтып : «Түркия көптөгөн жылдар чыныгы  жана ишенимдүү дос экендигин көрсөттү»,- деди.

Ковид  - 19 эпидемиясынан улам кыйын күндөрдүн болгондугун, бардык өлкөлөрдүн айырмачылыктарын бир тарапка таштап биримдиктүү болуу менен аша аларын белгилген  Момен : «Түркияны эпидемияга каршы ийгилиги жана баштаган адамзаттык демилгеси үчүн куттуктайм. Араларында Бангладеш да болгон 140 өлкөгө медициналык жардам берилди. Биз да бул жардамдардын негизинде Түркиядан медициналык каражат алдык»,- деди.



Тектеш кабарлар