Парламенттин төрагасы Шентоп Скопьеге барды

Шентоп 21-декабрь Түрк билим күнүнө арналган иш-чараларга катышып, жолугушууларды өткөрөт.

1549200
Парламенттин төрагасы Шентоп Скопьеге барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Түндүк Македонияга сапарынын алкагында борбор шаар Скопьеге барды.

Мустафа Шентоп жана аны коштогон делегацияны Скопье эл аралык аэропортунда, Түркиянын Скопьедеги элчиси Хасан Мехмет Секизкөк, Түндүк Македония парламентинин төрагасынын орун басары Горан Мисовский, Түндүк Македониянын Конституциялык сотунун төрагасы Салих Мурат менен бирге өлкөдөгү саясатчылар, түрк уюм жана мекемелеринин өкүлдөрү тосуп алышты.

Шентоп сапарынын алкагында 21-декабрь Түрк билим күнүнө арналган иш-чараларга катышып, Түндүк Македониянын парламент төрагасы Талат Жафери, премьер-министр Зоран Заев жана президент Стево Пендаровский менен жолугушат.



Тектеш кабарлар