Чавушоглу: «Крым платформасын колдогонубузду дагы бир жолу кайталадык»

Мевлүт Чавушоглу Киевдеги "2 + 2" форматындагы жолугушуудан кийин сөз сүйлөдү.

1548259
Чавушоглу: «Крым платформасын колдогонубузду дагы бир жолу кайталадык»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия катары Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбагандыгын кайталады.

Мевлүт Чавушоглу кечээ Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба жана Украинанын коргоо министри Андрий Таран катышкан "2 + 2" форматындагы жолугушуудан кийин сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, жолугушууларда Крым татар түрктөрүн кантип толугу менен колдой ала тургандарын талкуулашкандарын, «Биз бүгүн Крым платформасын колдойбуз деп дагы бир жолу кайталайбыз. Түркия катары Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайбыз. Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн, анын ичинде Крымды колдойбуз. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана башка платформаларда биз ачык айтып жатабыз. Донбасстагы көйгөйлөрдүн кайрадан Украинанын чек араларынын бүтүндүгүнүн алкагында толугу менен чечилишин каалайбыз жана Донбасста ок атышпоо режими анча-мынча мыйзам бузууларга карабастан уланып жаткандыгына кубанычтабыз»,-деди.

Чавушоглу эки өлкөнүн тышкы иштер жана коргоо министрлерин камтыган төрт форматтуу механизмдин биринчи жолугушуусун өткөргөндөрүн белгилеп, бүгүн стратегиялык өнөктөш Украина менен эки тараптуу кызматташтыкка жаңы өлчөм киргизгендиктерин айтты.

Министр Чавушоглу жолугушуунун артынан жардамчылар жана эксперттер деңгээлинде үзгүлтүксүз жолугушуулар боло тургандыгын билдирди.

Чавушоглу Түркия-Украина карым-катнаштарынын бардык тармактарда ылдам өнүккөндүгүнө көңүл буруп, коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы учурунда дагы улантылган өз ара сапарларды эске салды.

Чавушоглу Донбасста оор шарттарда иштеп жаткан Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Украина боюнча атайын байкоо миссиясынын башчысы, элчи Халит Чевик баштаган миссияны колдооолору улантылаарын айтты.



Тектеш кабарлар