Түркиянын АКШнын санкциясына каршы чыгуусу уланууда

Тышкы иштер министрликтен кийин, Улуттук коргоо министрлиги дагы өз билдирүүсүн жарыялады.

1546162
Түркиянын АКШнын санкциясына каршы чыгуусу уланууда

Түркия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан кабыл алынган бир тараптуу санкцияларды камтыган чечимди четке какты.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, «АКШнын бир тараптуу санкцияларга барышы - бул ар кандай түшүнүктөн кем калган иш-аракет болуп саналат»,делип, «Биз АКШнын чечимин айыптайбыз жана четке кагабыз» деген сөздөр колдонулду.

Түркияны убагында С-400 системаларын алууга түрткөн шарттар ар ким тарабынан абдан жакшы билингени белгиленген билдирүүдө, АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке өзү дагы бир топ себеп менен көп жолу Түркиянын  акылуулугун кубаттагандыгы баса белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Түркия, биздин мамилелерибизге терс таасирин тийгизе турган бул чечимге каршы керектүү чараларды көрөт, бул сөзсүз түрдө ылайыктуу  көрүлгөн түрдө жана убакытта  жооп иретинде болот. Түркия, улуттук коопсуздукту  камсыз кылуу үчүн зарыл деп эсептеген чараларды көрөт. Ушундай түшүнүк менен, Америка Кошмо Штаттарын бул адилетсиз санкция чечимин кайра карап чыгууга жана бул опурталдуу жаңылыштыктан тезирээк кайтууга чакырабыз. Анткени Түркия катары маселени шериктештик рухуна ылайык түрдө, диалог  жана дипломатия аркылуу чечүүгө даяр экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз»,делди.

Улуттук Коргоо министрлиги (МСБ) жасаган билдирүүдө дагы, «Биздин союздаштардан өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздук муктаждыктарын көрүп, түшүнөт деп күтүү биздин укугубуз»,делди.

Билдирүүдө, НАТО дагы кире турган жумушчу топто С-400 жана F-35 учактарынын өз ара аракеттерин талкуулоо сунушу дагы деле болсо үстөлдө экендиги баса белгиленип, «Көйгөйдүн чечилишин талкуулоонун ордуна санкцияларды тандоо бул чечимге эмес, туңгуюкка кадам таштоо экендигин жакшы түшүнүү керек»,деп айтылды.

АКШ, Орусиядан С-400 абадан коргонуу тутумдарын алгандыгына байланыштуу, Түркияга айрым санкцияларды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.



Тектеш кабарлар