ТКТРнын премьер - министри : "АКШ нын Түркияга санкция салуу чечими абдан жаңылыш"

Түндүк Кипр түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсан Санер АКШнын Түркияга карата санкция чечимин «жаңылыш кадам» деп мүнөздөдү.

1545992
ТКТРнын премьер  - министри : "АКШ нын Түркияга санкция салуу чечими абдан жаңылыш"

Түндүк Кипр түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсан Санер АКШнын Түркияга карата санкция чечимин «жаңылыш кадам» деп мүнөздөдү. Санер АКШнын Түркияга карата С  - 400 санкция чечимине байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Түркия респуликасынын Кипр түрк калкынын аралдагы жашоосу жана анын мамлекетинин, эгемендигинин бир гана ишеними экендигин белгилеген Санер Түркия ээ болгон күч жана жүргүзгөн туура саясаттар менен Чыгыш Жер ортолук деңиз жана Кипрде тынчтык менен ырааттуулуктун эң негизги бөлүгү экендигин баса белгиледи.

«Түркияны өзүнүн  жана аймактын ырааттуулугу үчүн С  - 400 ракеаларын алды деп санкция салуу абдан жаңылыш»,- деген Санер АКШнын бир тараптан НАТО мүчөсү болбогон румдарга карата курал сатууну эркин кылышы, бир тараптан НАТО мүчөсү Түркияга Патриот ракеталарын сатуудан, Ф  - 35  аскердик учак долбоорунун алкагындагы убадаларын орундатуудан баш тартышынын олуттуу карама  - каршылык жана жаңылыш тандоо экендигине көңүлдөрдү бурду.

Санер АКШнын эртерээк бул жаңылыштыктан кайтып,  Түркия менен бекем карым  - катнаштарды түзүшү керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар