Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу марокколук кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мевлүт Чавушоглу Израиль менен дипломатиялык карым  - катнаш курууга карата келишим түзгөн марокколук кесиптеши Насыр Буритага Палестина маселесинин эсебинен түзүлүшүнө каршы экендерин билдирди.

1543472
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу марокколук кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Израиль менен дипломатиялык карым  - катнаш курууга карата келишим түзгөн марокколук кесиптеши Насыр Буритага Палестина маселесинин эсебинен түзүлүшүнө каршы экендерин билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу марокколук кесиптеши Бурита менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу сүйлөшүүдө кесиптеши Буритага эки өлкөнүн каалаган өлкө менен карым  - катнаш кура аларын бирок  мунун Палестина маселеси эсебинен болушуна каршы экендигин белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу Альжирдин тышкы иштер министри Сабри Букадум менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Бул сүйлөшүү тууралуу кенен маалымат берилген жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп Марокко жана Израилдин толук дипломатиялык карым  - катнаш курушуна байланыштуу келишимдин түзүлгөндүгүн жана Батыш Сахарада Марокконун бийлигин тааныгандарына байланыштуу билдирүүгө кол койгондугун жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар