Мевлүт Чавушоглу Ливиянын мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы менен жолугушту
Жолугушууда Ливиядагы саясий абал жана эки тараптуу мамилелер каралды.
1543889
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид аль - Мешри менен жолугушту.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу ал - Мешри менен министрликте жолугушту.
Мевлүт Чавушоглу твиттерден берген маалыматында аль - Мешри менен жолугушканын билдирип : "Биз Ливиядагы саясий абал жана эки тараптуу мамилелер боюнча пикир алмаштык. Биз дагы бир жолу ливиялык боордошторубуздун жанында экенибизди баса белгиледик",- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.