Адил Караисмаилоглу Улуттук электр поезддер топтому тууралуу маалымат берди

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Улуттук электр поезддер топтомунун өндүрүлүшүнүн башталгандыгын белгиледи.

1540897

Министр Караисмаилоглу Түркия рельстүү унаалар өнөр жайы акционердик коомунун Сакария аймактык директорлугуна барганда берген маалыматында : «Баарыбызды сыймыктандырган башка бир долбоор болгон Улуттук электр поезд дер топтомунун өндүрүшү башталды. 2020 -  жылдын биринчи жарымында прототиби рельстерге түшүрүлгөн 2 комплектин 2021 -  жылы массалык өндүрүшүн баштайбыз. ТҮРСАШтын 2021 -  жылы прототип өндүрүшү баштала турган мыкты жана керектүү долбоорлордун бири да Улуттук жүргүнчү ташуучу поезддер топтому»,- деди.

Министр Караисмаилоглу : «225  километр сааттык ылдамдыкка ээ ылдам поезд долбоорунун дизайны 2021 -  жылы да улантылат»,- деди.

Траспорт жана инфраструктура министри Караисмаилоглу өзгөчө Түркиядан Кытайга кеткен биринчи экспорт поезди тууралуу : «Азыркы учурда поездибиз Кайсериге баратат. Эртеңден тарта өлкөбүздөн чыгып, 12 күнгө созула турган Кытай сапарын улантат»,- деди.

Тектеш кабарлар