Хулуси Акар улуттук куралдардын маанисине басым жасады

Акар, Эскишехирдеги "TEI-TS1400 Улуттук тик учак кыймылдаткычын тапшыруу жана Долборлоо борборунун ачылыш аземинде" сөз сүйлөдү.

1540102
Хулуси Акар улуттук куралдардын маанисине басым жасады

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Азербайжан армиясынын Армения тарабынан басылып алынган аймактарын бошотууда колдонгон улуттук куралдардын маанисине көңүл бурду.

Хулуси Акар, Эскишехирдеги "TEI-TS1400 Улуттук тик учак кыймылдаткычын тапшыруу жана Долборлоо борборунун ачылыш аземинде" сөз сүйлөдү.

Акар өз сөзүндө Азербайжан армиясынын оккупацияланган жерлерин бошотуу үчүн Арменияга каршы жүргүзгөн ийгиликтүү күрөшүндө колдонгон түрк куралдарынын ролуна көңүл бурду.

Акар: «Азербайжан операцияны ийгиликтүү жүргүзүп, 44 күндүн ичинде жергиликтүү жана улуттук курал системаларыбыздын салымы менен Карабахты баскынчылыктан сактап калды»,- деди.



Тектеш кабарлар