Чавушоглу TRT World форумунда сөз сүйлөдү

Чавушоглу сөзүндө "Ирини" операциясына токтолду.

1538421
Чавушоглу TRT World форумунда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, "Ирини" операциясынын Түркияга каршы курал катары колдонулганын айтты.

Чавушоглу TRT World Forum-2020нын алкагында өткөрүлгөн сессияда сүйлөгөн сөзүндө, геосаясат жөнүндө сөз болгондо мунун мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу фактысы болгонун белгилеп: «Бир канча актерлор биздин аймакты туруксуздаштырууда. Түркия бул аракеттерге каршы турууда чечүүчү ролду ойноодо» деп сереп салды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, Греция менен Түштүк Кипр Рум жетекчилиги бир тараптуу түрдө жана максималисттик мамилесин таңуулоого аракет кылып жатканда, Түркиянын негизги маселесинин Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен бирге Түркиянын укуктарын коргоо экендигин баса белгилеген Чавушоглу, сөздөрүн мындай деп улантты:

«Бул мүчөлөрдүн (Греция жана Түштүк Кипр Рум жетекчилиги) улутчулдук күн тартибин колдоо үчүн ЕБнин тилектештигинен кандайча кыянаттык менен пайдаланганын көрүп жатабыз. Акыркы мезгилдерде Ирини операциясы Түркияга каршы курал катары колдонулду. 22-ноябрдагы операция, биздин алдын ала макулдугубуз болбостон түрк желектүү соода кемесине чыгуу буйругун берди. Бул эл аралык укуктун ачыктан-ачык бузулушу болду. Экипаж мүчөлөрүнө орой мамиле жасалып, тынчын алышты. 11 сааттык тинтүүдөн кийин бортто курал эмбаргосуна терс түшкөн эч нерсе табылган жок. Биз бул мыйзамсыз иш-аракеттерге катуу каршылык көрсөтүүдөбүз. Жооп кайтаруу үчүн ар кандай юридикалык жана мыйзамдуу жолдорго кайрылууга укугубуз бар. Кандай болгон күндө дагы Чыгыш Жер Ортолук деңизинде диалогго жана кызматташууга даярбыз. Ошондуктан кипрдик түрктөр менен бирге бардык жээк мамлекеттеринин катышуусунда Чыгыш Жер Ортолук деңизинин аймактык конференциясын өткөрүүгө чакырдык».



Тектеш кабарлар