Украинанын премьер-министри Түркияда...

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал, Түркияга иш сапарынын алкагында, Өнөр жай жана технология министри Варанк жана Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир менен Стамбулдагы Мабейн сарайында  жолугушту.

1536567
Украинанын премьер-министри Түркияда...

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Түркия менен Украинанын ортосундагы мамилелерибизге күчтүү түрткү берип, биз конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну каалайбыз»,- деди.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал, Түркияга иш сапарынын алкагында, Өнөр жай жана технология министри Варанк жана Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир менен Стамбулдагы Мабейн сарайында  жолугушту.

Мустафа Варанк, жолугушуудан мурунку билдирүүсүндө, украиналык делегация менен жолугушуу үчүн 400 жылдан ашык убакыттан бери келе жаткан Мабейн сарайын тандашканын: «Бул жер кылымдар бою көптөгөн тарыхый окуяларга күбө болгон. Бүгүнкү күндө биз Украина менен болгон мамилебизге байланыштуу тарыхый күндүн күбөсү болобуз. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда күчтүү импульс алган мамилелерибизди конкреттүү долбоорлорго киргизүүнү каалайбыз. Бул сапар эки өлкө үчүн жаңы кызматташтык алып келет деп ишенебиз»,- деди.

Украинанын премьер-министри Шмыгал, министр Варанк жана Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир менен жеке жолугушуудан кийин делегациялар ортосундагы жолугушууну алып барды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай, технология жана коргонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу долбоорлору талкууланды.



Тектеш кабарлар