Улуттук коргоо министрлиги: «Акыркы бир айда 80 террорист жок кылынды»

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомдук байланыштар боюнча кеңешчилигинде иштеп жаткан авиациялык байланыш майору Пынар Кара маалымат жыйын өткөрдү.

1536308
Улуттук коргоо министрлиги: «Акыркы бир айда 80 террорист жок кылынды»

Терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында акыркы айда 80 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (МСБ) билдирүүсүнө ылайык, Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомдук байланыштар боюнча кеңешчилигинде иштеп жаткан авиациялык байланыш майору Пынар Кара маалымат жыйын өткөрдү.

Терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында өткөн айда 8 чоң көлөмдүү операция, 26 орто көлөмдүү операция болуп бардыгы 34 операциянын жүргүзүлгөндүгүн айткан Кара, бул операцияларда 80 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.

Кара:«Биздин операциялар Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-3 операциясы менен камсыздалган аймактын көзөмөлүн улам кеңейтип күчөтүү жана аймактагы террористтерди жок кылуу максатында чечкиндүүлүк менен уланууда. Ушул убакка дейре 348 террорист зыянсыздандырылды. Жүргүзүлгөн операцияларда аймактын жашоочуларына зыян келтирбөө үчүн ар түрдүү аяр мамиле кылынууда»,- деди.

Кара:«Сириядагы операция жүргүзүлгөн аймактарында орнотулган тынчтыкты жана бейпилдикти бузуу үчүн кол салууга жана кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГ террористтери биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан зыянсыздандырылды. Ушул алкакта акыркы бир айда 184 террорист зыянсыздандырылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар