Түркия Ковид-19 вакцинасы боюнча алгачкы келишимдерди түздү

Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

1536151
Түркия Ковид-19 вакцинасы боюнча алгачкы келишимдерди түздү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 182 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 13 миң 373 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 174 миң 443 тест жасалып, 6 миң 714 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 3 миң 611 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 396 миң 227ге жогорулады.

Бир тараптан cаламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Ковид-19 вакцинасы боюнча алгачкы келишимдерди түзгөндөрүн билдирди.

Кожа Твиттердеги аккаунтунда жасаган билдирүүсүндө альтернативдик өндүрүүчүлөр менен дагы жолугушууну улантышкандарын айтты.

Фахреттин Кожа:"Мен буга чейин түшүндүргөндөй, биз акырындык менен саламаттык сактоо кызматкерлерибизден баштап эмдөөнү пландап жатабыз. Биздин мамлекет өз жарандарынын жанында",-деп айтты.



Тектеш кабарлар