Коргоо министри Хулуси Акар Түркия - АКШ карым - катнаштары тууралуу билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : «Түркия жана АКШнын ортосунда пикир айырмачылыктары болсо да эки өлкөнүн узун бир кызматташуу салты бар»,- деди.

1532421

Акар Галифакс эл аралык коопсуздук форумуна  видеоконференция аркылуу катышып, Түркия АКШ менен болгон мамилесине баа берди. Хулуси Акар :"АКШ менен мамилелерибизде  башка өлкөлөрдүн да болгондой  өйдө - ылдый пикир айырмачылыктар бар, бирок эки өлкө ортосунда  кыйынчылыктарды ашып өткөн  узун кызматташуу салтыбыз бар»,- деди.

Эки  өлкөнүн Корея, Сомали, Балкандар, Афганистан жана жалпы дүйнөдө башка аймактарда жакындан, биргеликте иштегендигин бирок тилекке каршы кээде пикир айырмачылыктарынын эки өлкөнүн биргелешкен орток күн тартиби жана ийгиликтүү кызматташуусунан дагы көп алдыга чыккандыгын айткан Акар бул кабылдоонун чындыкка көлөкө түшүрөрүн жана бул кырдаалдан алыс болуу керектигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар