Улуттук коргоо министрлигинин "Агдам" тууралуу видео бөлүшүүсү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Твиттер баракчасынан Агдамдагы көрүнүштөрдү бөлүштү.

1531976
Улуттук коргоо министрлигинин "Агдам" тууралуу видео бөлүшүүсү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Армения Агдамдан чыгып баратканда өрттөп кеткен райондун көрүнүштөрүн бөлүштү.

Министрликтин Твиттер баракчасында, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн 1993-жылы оккупациялаган Агдамдан, түзүлгөн келишимдин алкагында таштап кетишинен кийин, райондун акыркы абалына байланыштуу видео пост жарыяланды.

Бөлүшүүдө, «Түн ичинде уктап жатканда жарандык конуштарды баллистикалык ракеталар менен бутага алган жана ымыркайларды өлтүргөн Армения, Агдамдан чыгып баратканда дагы бардык жерди кыйратып кетти. Агдамды кайрадан жашоого ыңгайлуу жайга айлантуу аракеттери шаардык мечитте биринчи азан менен башталды»,деген сөздөргө орун берилди.

Агдамдагы талкаланган имараттар көрүнүп турган видеодо Кент мечитинде алгачкы азан айтылган учурлар камтылган.



Тектеш кабарлар