Эрдоган:«Түркия Азия менен Африканы көңүл сыртында калтырбайт»

Эрдоган, 12-Халифакс эл аралык коопсуздук форумуна видео билдирүүлөрүн жөнөтүп, географиялык жактан караганда Афро-Евразия өлкөсү болгон Түркиянын дипломатия жагынан дагы тар чөйрөгө камалышы туура эмес болгону сыяктуу, бул мүмкүн эмес деди.

1532011
Эрдоган:«Түркия Азия менен Африканы көңүл сыртында калтырбайт»

Президент  Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын Европа менен карым-катнаштарын өнүктүрүп жатканда Азия менен Африка көңүл сыртында калбай турганын айтты.

Эрдоган, 12-Халифакс эл аралык коопсуздук форумуна видео билдирүүлөрүн жөнөтүп, географиялык жактан караганда Афро-Евразия өлкөсү болгон Түркиянын дипломатия жагынан дагы тар чөйрөгө камалышы туура эмес болгону сыяктуу, бул мүмкүн эмес деди.

Эрдоган: «Бизде Чыгышка да, Батышка да сыртыбызды салуу сыяктуу жыргалчылыгыбыз болбойт. Европа менен болгон мамилебизди өркүндөтүп жатып, биз Азия менен Африканы эч качан көңүл сыртында калтырбайбыз. Жакында Россия менен тереңдетилген кызматташтыгыбыз Америка менен болгон тамырлаш байланыштарыбызга альтернатива катары санабайбыз. Биз 68 жылдан бери мүчөсү болгон НАТОдогу позициябызга чоң маани беребиз. Түркиянын чек аралары ошол эле учурда НАТОнун чек аралары болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз НАТОнун алдында турган жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы ишенимдүү өнөктөш катары өтө маанилүү милдеттерди алып жатабыз. Бул чындыктын тар саясий себептерден улам анын көлөкөсүндө калышына жана күмөн санашына жол бербейбиз. Биздин мамлекеттин да, союздаштарыбыздын да укуктары менен кызыкчылыктарын коргоп жатып, биздин шериктештерибизден бирдей сезимталдуулукту жана тилектештик духун күтүшүбүз табигый нерсе», - деди.

Эрдоган, Түркиянын эл аралык коопсуздук жана туруктуулугуна багытталган коркунучтарга каршы чечкиндүү түрдө күрөш жүргүзүү эркине ээ болгонунун атайын баса белгилөөнү каалаганын айтты.



Тектеш кабарлар