Немис медиасында түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Акыркы мезгилдерде Түркияда чыккан куралдуу учкучсуз аба аппараттарына карата мактоолор күн өткөн сайын  көбөйүүдө.

1531832
Немис медиасында  түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Акыркы мезгилдерде Түркияда чыккан куралдуу учкучсуз аба аппараттарына карата мактоолор күн өткөн сайын  көбөйүүдө.

Азербайжандын фронттогу ийгилигинин негизги факторлорунан түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттарына бул жолу немис медиасы күн тартибинен орун берди.

Германиядагы Tagesschau аттуу маалымат сайтында орун алган анализ кабарда : «Түрктөр куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын саясында согуштардын жүрүшүн өзгөртүүдө», «Европа өлкөлөрү түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен күрөшө албайт» сыяктуу мактоо сөздөр орун алды.

Кабарда жалпы дүйнөдө куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын таасиринен сөз болгондугу, түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары тууралуу көңүлдөрдү бурган сөздөргө орун берилди.

Кабарда  «Дрондор иштеп жатат. Согушта качуу үчүн 7 секундубуз бар» деген тема колдонулду. Түркиянын учкучуз аба аппараттарын башка аскердик куралдар менен координациялуу түрдө колдонгондугу баса белгиленди.  

Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон кагылышууда Түркиянын берген куралдуу учкучсуз аба аппараттары Азербайжандын жеңишине чоң салым кошкондугу белгиленип : «Куралдуу учкучсуз унаа аппарттарынын натыйжалуулугунун арттырылышы армян күчтөрүндө кыйратуучу таасир жаратты»,- деп билдирилди.

Кабарда өзгөчө аскердик  эксперттердин : «Европалык мамлекеттердин Түркиянын артында экендигине» байланыштуу баа берүүлөргө орун берилди.

Азыркы учурда Европа өлкөлөрү ээ болгон  эч бир абадан коргоо системасынын түрк куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен күрөшө албай тургандыгы жазылды.



Тектеш кабарлар