Эмине Эрдогандын Эл аралык Ислам искусствосунун күнүнө карата билдирүүсү

Эмине Эрдоган Твиттердеги баракчасынан өз билдирүүсүн бөлүштү.

1531513
Эмине Эрдогандын Эл аралык Ислам искусствосунун күнүнө карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) тарабынан 18-ноябрдын "Эл аралык Ислам искусствосунун күнү" деп жарыялангандыгын кубаттады.

Эмине Эрдоган Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «ЮНЕСКОнун 18-ноябрды "Эл аралык Ислам искусствосунун күнү" деп жарыялоосун кубаттайм. Ислам цивилизациясынын көркөм өнөр жаатындагы көркү, биз жашап жаткан дүйнөдө жоготкон сезимталдуулугубузду жандандырат деп ишенем. Өлкөбүздүн бул тармактагы жетишкендиктерин билебиз. Менин оюмча, бул күн ушул жогорку искусствону дүйнөгө таанытуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду»,-деди.



Тектеш кабарлар