Ооганстандын Улуттук Элдешүү Жогорку Кеңешинин төрагасы ТУУЖга келди
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ,Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп,Түркияга келген Ооганстандын Улуттук Элдешүү Жогорку Кеңешинин төрагасы Д-р. Абдулла Абдулла менен жолугушту.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ,Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, бир нече жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келген Ооганстандын Улуттук Элдешүү Жогорку Кеңешинин төрагасы Д-р. Абдулла Абдулла менен жолугушту.
Конок төрага менен делегациялардын жолугушуусун жетектеген парламенттин төрагасы Шентоп: «Түркия менен Ооганстандын ортосундагы уникалдуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөр, биздин жалпы эркибиздин жана чын ыкластуу аракетибиздин белгиси болушун каалайм»,- деди.
Ооганстан менен Түркиянын карым-катнаштарынын негизин тарыхый байланыштары жана элден элге, адамдардан адамдарга чын жүрөктөн болгон байланыштар түзгөнүн айткан Шентоп: «Эки өлкө ортосундагы кызматташуубуз өз күчүн элдерибиздин ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарынан алат. Биздин биргелешкен ишибиздин негизин саясий диалог, коопсуздук жана өнүгүү өнөктөштүгү түзөт. Эки өлкө ар дайым кайгы жана кубанычта менен бирге болушкан»,-деп айтты.
Түркиянын бүткүл дүйнөгө терең таасир этип жаткан коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүүсүндө Ооганстанды колдогондорун белгилеген Парламент төрагасы:«Июнь айында Ооганстанга жеткирилген медициналык жардам жаралардын айыгышына кандайдыр бир деңгээлде жардам берген болсо биз Түркия катары кубанычта болобуз»,- деди.
Ошондой эле конок төрага жана анын делегациясы ТУУЖдун Жалпы жыйын залында болушту. Парламент төрагасы Шентоп 15-июлдагы төңкөрүш аракети учурунда (2016-жылы Фетуллахчы террордук уюму) парламенттеги бомбаланган жердин айланасын конок төрага жана анын делегациясына көрсөттү.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.