Түркияда Ковид-19дан улам айрым чектөөлөр киргизилүүдө

Бир сутканын ичинде 156 миң 692 тест жасалып, 3 миң 819 кишиде вирус аныкталды.

1529502
Түркияда Ковид-19дан улам айрым чектөөлөр киргизилүүдө

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 103 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 697 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 156 миң 692 тест жасалып, 3 миң 819 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 688 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 359 миң 63кө жогорулады.

Буга кошумча борбор шаар Анарадагы Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин эпидемияга карай чара көрүүлөрдү жарыялаган президент Режеп Таййип Эрдоган, мектептердин жылдын аягына чейин аралыктан билим берүүсүн уланта турганын,аптанын акырында Түркия убактысы боюнча саат 10:00-20:00дөн тышкаркы убактарда карантин ишке ашырыла турганын, соода борборлору, азык-түлүк дүкөндөрү, чач тарач сыяктуу жайлардын иштөө мөөнөтү дагы ушундай боло турганын, бардык спорттук беттешүүлөрдүн көрүүчүсүз өткөрүлө турганын, кино театрлардын жылдын аягына чейин жабык боло турганын, ресторандардын бир гана пакет жеткирүү тейлөөсүн кыла турганын билдирди.



Тектеш кабарлар