Улуттук Коргоо министрлиги ТКТРнын 37 жылдыгын белгиледи

Билдирүүдө «Түркия, 1974-жылы кантип кипрлик түрк туугандарынын жанында турса, бүгүнкү күндө дагы ошондой эле рух менен Кипр Түркүнүн жанында», деп баса белгиленди.

1528050
Улуттук Коргоо министрлиги ТКТРнын 37 жылдыгын белгиледи

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 37 жылдыгын белгиледи.

Улуттук коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, «37 жыл мурун өз тагдырын өзү аныктап, көз карандысыздыгын жана эркиндигин жарыялаган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негизделген күнү куттуу болсун» деген билдирүүсү камтылган.

Билдирүүдө «Түркия, 1974-жылы кантип кипрлик түрк туугандарынын жанында турса, бүгүнкү күндө дагы ошондой эле рух менен Кипр Түркүнүн жанында», деп баса белгиленди.

Кипрде 1960-жылы аралдын эки элинин, түрктөрдүн жана румдардын өнөктөштүгүнө негизделген эл аралык келишимдерге ылайык «Кипр Республикасы» түзүлгөн.

Бирок румдар тарабынан түрктөргө каршы жасалган чабуулдар жана эмбарголор 1963-1974-жылдар аралыгында барган сайын күчөп уланып жатты.

1967-жылы Грециядагы бийликти колго алган путчисттер дагы Кипрдеги түрктөрдү бутага алган кол салууларды  уюштурушкан.

Түркиянын кипрдиктердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча келишиминен келип чыккан кийлигишүү укугуна ылайык, 1974-жылдын 20-июлунда Кипр Тынчтык операциясын баштаган.

Ошентип, Кипрдин Грецияга кошулуусунун бөгөт коюлуп, Кипр түрк элинин жашоосу кепилдикке алынган.

Операция ийгиликтүү аяктагандан кийин 1975-жылы 13-февралда Кипр Түрк Федералдык мамлекети түзүлгөн.

Кипр Түрк Федерациялык Ассамблеясы 1983-жылдын 15-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түптөлүшүн жана анын көз карандысыздыгын жарыялоону бир добуштан жактырды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын курулушу менен Кипр түрк элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу жарыяланды.



Тектеш кабарлар