Эрдоган:«Кипр түрктөрү, өз жерлеринде башын тик көтөрүп, кадыр-барктуу жана эркин түрдө жашайт»

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) түзүлгөндүгүнүн 37 жылдыгын белгилөө үчүн барды. Ал «Фазыл Күчүк» бульварындагы жүрүштө сөз сүйлөдү.

1528101
Эрдоган:«Кипр түрктөрү, өз жерлеринде башын тик көтөрүп, кадыр-барктуу жана эркин түрдө жашайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган кипрлик түрктөр өз жерлеринде баштары тик, кадыр-барктуу жана эркиндик менен жашашарын айтты.

Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) түзүлгөндүгүнүн 37 жылдыгын белгилөө үчүн барды. Ал «Фазыл Күчүк» бульварындагы жүрүштө сөз сүйлөдү.

Эрдоган, өз сөзүндө, «Кудайга шүгүр, мүлктөрүнө болгон сансыз кол салууларга карабастан, кипрлик түрктөр өз жерлеринде кадыр-барктуу жана эркиндик менен жашап жатышат»,-деп айтып ал: «Бардык ырайымсыздыктарга, кыйноолорго жана чыккынчылыктарга карабастан, биз эч качан күрөш туубузду таштаган жокпуз. Мужахиддерибиз менен Мехметчибиздин дастандай күрөшү менен жеңишке жетиштик»,-деп айты.

Президент Эрдоган Кипр маселесин Кипр түрк элинин мыйзамдуу укуктарын жана коопсуздугун камсыздай турган жол менен чечүү биринчи кезектеги милдети экендигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кипрде эки башка эл, эки өзүнчө мамлекет бар»,-деп айткан  Эрдоган мындай деди: «Эки мамлекеттүү чечимди суверендүү теңчиликтин негизинде сүйлөшүү керек» деген сөздөрдү колдонгон.

Эрдоган: «Эгер алар Түндүк Кипрде жашашса жана Түштүк Кипрдин башкаруучулары деп аталган адамдарга өз Президентинин үстүнөн арызданып жатышы менен Түштүк Кипр күчтөнүп бийликке келем деп ойлошсо, анда алар алданат жана алданып калаарын билиши керек»,- деди.

Президент ошондой эле 1963-жылы куралдын күчү менен жок кылынган жана 1974-жылы Греция хунтасынын төңкөрүшү менен талкаланган Кипрдеги румдар менен өнөктөштүк түзүү мүмкүн эместигин билдирип, «Кипр маселесинде бир гана жабырлануучу бар, бул жылдар бою көңүл бурулбай келген жана укуктары тебеленип келген кипрлик түрктөр болуп саналат»,- деди.

Эрдоган, көмүр суутек ресурстарына байланыштуу, «Кепил өлкө болгондуктан биз дагы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын үстүнөн  дипломатиялык оюндарга мындан ары чыдай албайбыз»,деген сөздөрдү айтты.

ТКТРда Марашта ташталган кадамдын максаты жаңы нааразычылыктарды жаратуу эмес, болгон нааразычылыктарды жоюу экендигин билдирген Эрдоган: «Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биздин өлкө жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын адилеттүү жол менен катышпаган теңдемеси тынчтык жана туруктуулукту камсыз кыла албайт»,-деди.



Тектеш кабарлар