Битлисте "Йылдырым - 15 Мутки - Сарпкая" операциясы баштатылды

Битлисте ички иштер министрлиги тарабынан террористтерге карата «Йылдырым  - 15  Мутки  -  Сарпкая» операциясы баштатылды.

1527634
Битлисте  "Йылдырым  - 15  Мутки  -  Сарпкая" операциясы баштатылды

 Битлисте ички иштер министрлиги тарабынан террористтерге карата «Йылдырым  - 15  Мутки  -  Сарпкая» операциясы баштатылды.

Министрликтен берилген маалыматка караганда жикчил террордук уюмдун кыш мезгилинде баш калкалоочу жер издөө иштерин токтотуу, өлкө ичинде байланышын үзүү жана өлкө ичиндеги  террористтерди толугу менен жок кылууга карата Битлис облустук жандармерия командирлиги тарабынан «Йылдырым  - 15  Мутки  -  Сарпкая» операциясы баштатылды.

Операцияда 816 кызматкерден турган 48 операциялык бригада кызмат кылууда.

Өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн жана 13 -  июлда баштатылган «Йылдырым» операцияларынын негизинде ушул күнгө чейин жалпы 143 террорист жок кылынды. Террор менен байланышы болгон 74 киши кармалып, 251 үңкүр, баш калкалоочу жер менен ок  - дары сактоочу жерлер жардырылып, көп сандаган курал, ок  - дары, тамак  - аш жана турмуштук материалдар колго түшүрүлдү.   



Тектеш кабарлар