Эрдоган-Моррисон сүйлөшүүсү
Эрдоган менен Австралиянын премьер-министри Моррисон эки өлкөнүн карым-катнаштарын чыңдоо жана эл аралык платформаларда кызматташтыктарды сүйлөшүштү.
1526731
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Коммуникация башкармалыгынын билдиргенине караганда Австралиянын премьер-министринин сурануусу боюнча ишке ашкан сүйлөшүүдө, Түркия-Австралия карым-катнаштарын өнүктүрүүгө карай кадамдар жана эл аралык платформаларда эки өлкөнүн кызматташуу жагдайлары каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Австралияны Азия-Тынч океан аймагында маанилүү өнөктөш жана глобалдык маселелерде окшош көз карашка ээ болгон дос өлкө катары карагандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.