ДСУ Түркиянын сунушу боюнча 2021-жылды «Саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы» деп жарыялады

ДСУ Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын сунушун кабыл алды.

1526258
ДСУ Түркиянын сунушу боюнча 2021-жылды «Саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы» деп жарыялады

Түркия, 2021-жылдын «Эл аралык саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы» деп жарыяланган чечимдин, саламаттык сактоо кызматкерлерине болгон жалпы ыраазычылык сезимдеринин эл аралык аренадагы чагылуусу экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Түркия жол башчылык кылган эл аралык аракеттердин негизинде 2021-жылдын Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму (ДСУ) тарабынан "Эл аралык саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы" деп жарыялангандыгы эске салынды.  

Билдирүүдө: «Бул чечим, коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөштүн башында турган саламаттык сактоо кызматкерлерине болгон ыраазычылык сезимдеринин эл аралык аренадагы чагылуусу болуп саналат»,-деп айтылды.

(ДСУ), саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын сунушун кабыл алып 2021-жылды бүткүл дүйнөдө «Эл аралык саламаттык сактоо кызматкерлеринин жылы» деп жарыялады.



Тектеш кабарлар