Түркияда бир сутканын ичинде 145 миң 989 Ковид-19 тести жасалды
Акыркы 24 саатта вирустан 86 киши көз жумду.
1526135
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 86 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 145 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 145 миң 989 тест жасалып, 2 миң 693 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 112 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 344 миң 613кө жогорулады.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.