Президент Эрдоган : "Түркия катары аткаруубуз керек болгон бардык нерсени ишке ашырганга даярбыз"

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АКПнин Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

1526030
Президент Эрдоган : "Түркия катары аткаруубуз керек болгон бардык нерсени ишке ашырганга даярбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия катары аймакта тынчтыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун тамыр жайышы үчүн өздөрүнө түшкөн бардык нерсени аткарууга даяр экендерин айтты.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АКПнин Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган : «Биздин эч кимге каршы жашыруун же ачык шектенүүбүз, караңгы эсебибиз жок. Өлкө калкынын эрки менен жаңы Сириянын курулушу үчүн Россия жана башка аймакта активдүү болгон күчтөр менен жакындан иштешүүгө даярбыз»,- деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде грек жана рум тарабын эркелетүү токтотула турган болсо кыска убакытта чындыкка таянган бир келишимдин мүмкүн болорун белгилеген Эрдоган : «Түркия катары аймагыбызда тынчтыктын, бейпилдиктин, коопсуздуктун тамыр жайышы үчүн эмне керек болсо аткарууга даярбыз. Элдерин бир тууган, өздөрүн дос катары көргөн бардык мамлекеттер менен жаңы мезгилде бирдикте кыймыл кылууну каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар