Эрдоган «Келечекке дем, Дүйнөгө дем» программасына катышты

Түркия 2023-жылдын аягына чейин жалпы 7 миллиард көчөт отургузууну максаттап жатат.

1525980
Эрдоган «Келечекке дем, Дүйнөгө дем» программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2023-жылдын аягына чейин жалпы 7 миллиард көчөт отургузууну максат кылгандыктарын билдирди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин кампусундагы «Келечекке дем, Дүйнөгө дем» программасына катышты.

Өткөн жылы кабыл алынган чечим менен 11-ноябрды Улуттук бак-дарак күнү деп жарыялагандарын эске салган Эрдоган: «11 миллион көчөттү көздөп жатканда 14 миллион көчөт отургуздук»,-деди.

Жаңы иш-аракетти башташканын белгилеген Эрдоган: «Биз жыл сайын болжол менен 12 миллион балабызга көчөттөрдүн контейнерлерин жана үрөндөрүн жеткирип берип, өз көчөттөрүн өздөрү өстүрүшүн камсыз кылабыз»,-деп айтты.

Президент көчөттөрдү отургузуу өнөктүгүнүн башка өлкөлөргө да толкун сыяктуу жайылгандыгын жана 30га жакын өлкөнүн бул долбоорду колдогонун билдирди.

Түркиянын жашылдандыруу иштеринде Европада 1-орунда, дүйнөдө болсо 4-оорунда турганына көңүл бурган Эрдоган, дүйнөдөгү токойлордун саны азайып баратканда Түркиянын токой байлыктарын көбөйткөн сейрек өлкөлөрдүн бири болгонун баса белгиледи.

Эрдоган: «Биз көчөт отургузуу иштери менен өлкөбүздү 26-орунга көтөрдүк. Биздин максат - 2023-жылдын аягына чейин жалпы 7 миллиард көчөт отургузуу. Биз токойлорду 7/24 көзөмөлдөп турабыз. Өрттү өчүрүү убактысын 40 мүнөттөн 12 мүнөткө кыскарттык. Буюрса бул убакытты 10 мүнөткө чейин кыскартабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар