Тышкы иштер министри Молдованын Ардактуу консулдугунун ачылышына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2018-жылы Молдова менен мамилелердин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн айтты.

1523595
Тышкы иштер министри Молдованын Ардактуу консулдугунун ачылышына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2018-жылы Молдова менен карым  - катнаштардын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн айтты.

Молдова Республикасынын Анталиянын Алания районундагы консулдугунун ачылыш аземи Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Молдованын Тышкы иштер министри Олег Тулеа, Молдованын Анкарадагы элчиси Димитри Кроитор жана Молдова Республикасынын Алания Ардактуу консулу Халил Окурдун катышуусунда өттү.

Чавушоглу ачылышта сөз сүйлөп : "Молдова менен карым  - катнаштарыбыз бардык тармакта өнүгүүдө. Молдовадагы чет элдик инвестициялар боюнча Түркия биринчи өлкө.  6 000 молдовалыкты жумуш менен камсыз кылуудабыз. Соода  жүгүртүү тездик менен өсүүдө. Өткөн жылы эки тараптуу соода көлөмү бир жыл мурункуга салыштырмалуу 24 пайызга өстү. Пандемияга  карабастан төмөндөгөн жок ",-  деди.

Түрк жана Молдова жарандарынын өлкөлөргө паспортсуз саякатка чыга аларына токтолгон Чавушоглу  молдовалыктар туризм өлкөсү катары эң көп тандаган өлкө Түркия экендигине көңүлдөрдү бурду.  

"Гагауз түрктөрү дагы Молдова менен болгон карым  - катнашыбызга салым кошту» ,- деген Чавушоглу : « Молдованын Анкарадагы элчиси Димитри Кроитор гагауз түркү. Ушунун өзү эле карым  - катнаштарыбызга өзүнчө баалуулук кошууда. Акыркы сапарыбызда Комратта консулдугубузду ачтык. Комраттагы алгачкы активдүү консулдук биздики. Бул да Комрат менен Кишиневдун ортосундагы байланыштарды дагы да күчтөндүрдү. Мындан кийинки процессте мыкты карым  - катнаштарыбызды башка тармактарда дагы да өнүктүрүү үчүн бирдикте иштейбиз»,- деп билдирди.

Молдованын тышкы иштер министри Олег Тулеа дагы буларды  айтты :  "Консулдук ачуу өтүнүчүбүзгө берген колдооңуз үчүн сизге ыраазычылыгымды билдирем. Бул кооз шаарга турист катары келген молдовалыктарга жардам берет. Бул биргелешкен долбоорлорду түзүүгө салым кошот. Эки тараптын кызыкчылыктарын эске алган мыкты кызматташуубуз бар. Мунун дагы да өсүшүн каалаймын.  Көрсөтүлгөн колдоону унутпайбыз. Булар үчүн чоң достук керек. Молдова эли муну унутпайт. Бүгүнкү күндө абдан жакшы кызматташтык бар ".



Тектеш кабарлар