Түркия Эфиопиядагы кырдаалга тынчсызданууда

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1521416
Түркия Эфиопиядагы кырдаалга тынчсызданууда

Түркия, Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасында күчөп жаткан зомбулуктарга тынчсызданып жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасында акыркы мезгилде күчөп жаткан күч колдонулган окуяларда көп сандаган адамдардын каза болушунун капага салганы белгиленди.

Каза тапкандардын туугандарына, дос Эфиопия элине жана өкмөткө көңүл айтылган билдирүүдө, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетиши кааланды.

Эфиопиянын батышындагы Бенишангул-Гумуз провинциясында куралдуу топтордун көп сандаган жарандарды өлтүргөндөрү кабарланган. 

Эфиопиянын Адам укуктары боюнча комиссиясы, акыркы бир айда аймактагы ар башка райондордо эки башка кол салуу болгонун, көптөгөн адамдардын каза тапканын жана жүздөгөн адамдар болсо жер которууга аргасыз болгонун билдирген эле.



Тектеш кабарлар