Түркия Франциядагы кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта Франциянын Ницца шаарындагы Нотр-Дам де Ницца чиркөөсүнүн ичинде жасалган кол салууну катуу айыптагандыгы белгиленди.
Түркия бүгүн Франциянын Ницца шаарында болгон жана 3 киши каза болгон бычактуу кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта Франциянын Ницца шаарындагы Нотр-Дам де Ницца чиркөөсүнүн ичинде жасалган кол салууну катуу айыптагандыгы белгиленди.
Министрлик билдирүүсүндө : «Кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Эч бир себеп бир кишинин өмүрүнүн кыйылышын актай албайт жана зомбулукту мыйзамдуу кыла албайт. Ыйык бир ибадат жеринде мындай канкор кол салууну жасагандардын, диний, адамзаттык, ахлактык баалуулуктардан насибин албагандыгы ачык»,- деп билдирилди.
Маалыматта Түркиянын террордун түрлөрү менен күрөшкөн жана террордон улам жарандарын жоготкон бир өлкө катары Ницца шаарынын тургундары жана башка француз калкы менен террор жана зомбулукка каршы тилектештик ичинде экендиги да баса белгиленди.
Франциянын Ницца шаарында бүгүн жасалган бычактуу кол салууда 3 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланган.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.